Connect with us

Австралияда күйүүчү май тартыштыгы жогорку чекке жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 3480 | 0

Күйүүчү май тартыштыгына кабылган Европа, АКШнын катарына Австралия да кошулду. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Австралияда бензиндин мындай реккордук баасы сегиз жылдан бери болгон эмес. Өлкө Орусиядан мунай ташууга тыюу салгандан бери күйүүчү майдын литри 1,5 АКШ долларына чыкты.

Мунайга болгон суроо-талаптын жогору болушу жана ОПЕКтин өндүрүштү көбөйтүүдөн баш тартуусу бүткүл дүйнөдө бензин менен дизелдин кескин кымбатташына алып келди. Германияда транспорт жана логистика тармагы коркунучтуу абалга кептелди.

АКШ жеке маалымат булактары, социалдык тармактын колдонуучулары күйүүчү майдын баасы абсолюттук рекордго жеткенин айтышууда.

Ал эми литвалыктар арзан май издеп, коңшу Беларуска карай агылып жатышат.

Бензиндин баасынын көтөрүлүшү евронун курсуна да таасирин тийгизүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM