Биз менен байланышыңыз

Австралия менен Нидерланды Орусияны сотко берди

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 408 | 0

Австралия менен Нидерланды MH17 учагынын 2014-жылы Донецк аймагында кыйрашына байланыштуу Орусияны сотко берди. Маалыматты Австралиянын тышкы иштер министри Марис Пэйн жарыялаганын «РИА Новости» жазды.

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон, вице-премьер-министри Барнаби Жойс жана башкы прокурору Микелия Кэш:

«MH17 учагын кыйратууга катышканы үчүн Орусиянын жоопкерчиликтен баш тартуусу кабыл алынбайт. Австралиянын өкмөтү адилеттикке умтулууда кандайдыр бир мыйзамдуу жолду жокко чыгарбайт», — деп билдиришкен.

Тышкы иштер министри документ эл аралык жарандык авиация уюмуна тапшырылганын тастыктап, бирок талап кылынган кенемтенин суммасын атаган эмес.

2021-жылдын 21-декабрында Нидерландынын прокуратурасы «Малайзиянын Боинг-777 учагынын 2014-жылы Донбасс аймагында кыйрашына Орусия Куралдуу күчтөрүнүн № 53 бригадасынын катышы бар» деп айыптап чыккан. Ага далил катары социалдык тармактардагы материалдарды сотко көрсөткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM