Биз менен байланышыңыз

Америкалык журналист Брент Рено Украинада каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 236 | 0

Америкалык кинорежиссёр жана журналист Брент Рено Украинанын Ирпен шаарында каза болду. Бул тууралуу Киев облустук милициясынын башчысы Андрей Небытов билдиргенин CentralAsia маалымат агенттиги жазды.

Брент Рено буга чейин иштешип келген The New York Times гезити да анын өлүмү тууралуу маалыматты тастыктады.

Басылма билдирүүсүндө Брент Рено көп жылдар бою гезитте иштегенин, бирок Украинага редакциялык тапшырманын негизинде барбаганын белгилеген.

Брент Рено тууганы Крейг менен биргеликте Ирак жана Ооганстандагы жаңжал чыккан аймактарды тасмаларга түшүргөн. Анын бул даректүү тасмалары бир катар абройлуу сыйлыктарга татыган.

Брент Ренонун каза табуусунан улам Ирпен шаары кооптуу деп табылып, журналисттердин кирүүсүнө тыюу салынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM