Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатында үч коло медалга ээ болушту

Кыска кабар , Спорт | 14 Мар 2022 | 362 | 0

Иорданияда өткөн бокс боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын спортчулары үч коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Asian Boxing Confederation Instagramдагы расмий баракчасында маалымдалды.

Жаштар арасындагы чемпионатта Санжар Теңизбеков (86 кг), Арген Бактыбеков (92 кг), Жодарбек Сапарбеков (92 кг жогору) коло медаль алышты.

Жаштар курамасынан Бекзат Эргешов (48 кг), Алмаз Орозбеков (60 кг) жана Асылбек уулу Акжол (57 кг) финалга чыгышты.

Буга чейин коло байгени өспүрүмдөр Зафарбек Камилов (46 кг), Данияр Темирханов (48 кг), Рамзан Кадыров (63 кг), Мухаммед Азиз Закиров (75 кг), Азим Чойбеков (80 кг) алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM