Биз менен байланышыңыз

Быйыл эң көп сүт кымбаттады

Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 485 | 0

Кыргызстанда жыл башынан бери (январь-февраль) инфляция 1,7% түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.

Эки айда азык-түлүккө жана алкоголсуз суусундуктарга баа 1,8%га жогорулады. Алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге баа  4,4%, азык-түлүк эмес товарларга 1,1%га, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 1,1%га кымбаттады.

Эң көп сүт 11% кымбаттаган, жашылча 8,6%, балык 6,5%, макарон жана башка дан азыктары 4,3% кымбаттаган.

Былтыркы жылдын эки айына салыштырмалуу жылдык инфляция 10,8%ды түздү. Башкача айтканда, бул бир жыл мурда 100 сом турган товарлар 10,8 сомго кымбаттап, азыр 110,8 сомго чыкты дегенди билдирет.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүүсү республиканын бардык аймактарында байкалган. Баанын эң жогорку кымбаттоосу — 2,6% Нарын облусунда белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM