Биз менен байланышыңыз

Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF күрөш уюмунун чемпиону болду (видео)

Кыска кабар , Спорт | 14 Мар 2022 | 294 | 0

Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF күрөш уюмунун чемпиону наамын жеңип алды. Бул тууралуу bravemmaf Инстаграм баракчасына жарыяланды.

Кыргызстандык техникалык нокаут менен жеңишке жетип, «убактылуу чемпион» аталды. Бул дивизиондо чемпиондук курду египеттик Ахмед Амир ээлеп келет.

5-мартта Бахрейнде өткөн Brave 57 турниринде жеңил салмактагы (70,3 кг) кыргызстандык Кубанычбек Абдисалам уулу менен бразилиялык Клейтон Силва убактылуу баш байге үчүн күрөшкөн.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM