Биз менен байланышыңыз

Эртең чек ара боюнча кыргыз-тажик облус жетекчилери жолугушат (видео)

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 570 | 0

Эртең, 12-мартта саат 10:00дө «Кызыл-Бел» көзөмөл өткөрмө бекетинде Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун губернатору Раджаббой Ахмадзода жолугушат. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилиги билдирди.

Жолугушууга эки тараптын чек ара өкүлдөрү да катышып, анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде катталып жаткан окуялардын келип чыгуу себептери жана тынчтыкты сактоо жолдору сүйлөшүлөт.

Эске салсак, 10-мартта саат 10:50 чамасында Баткен районунун Тескей жерлигинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Окуяга байланыштуу эки тараптын тиешелүү кызматкерлеринин жолугушуусу уюштурулган.

Андан соң 11-мартка караган түнү саат 02:50 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болду.

Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Эки-Таш тилкесинде Тажикстандын чек ара отряды жолдон өтүп бара жаткан унааларга таш ыргыткан. Кыргызстандын чек арачылары муну токтотууну талап кылганда тажик чек арачылары уккан эмес. Буга байланыштуу кыргыз чек арачылары асманга эскертүүчү ок атууга аргасыз болушкан.

Бул учурда аталган аймакта кызмат өтөгөн Тажикстандын дагы бир чек ара отряды кыргыз чек арачылары турган байкоочу мунарага ок чыгарган. Атышуу 20 мүнөттөй созулуп, саат 03:10до токтогон. Чыр-чатактын курчуп кетпеши үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң окуя болгон жерде жолугушуу өткөрүштү.

Copyright © 2017 Maral FM