Биз менен байланышыңыз

2 млн сомдук алтын буюмдарды алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 164 | 0

Кыргызстан аркылуу баасы 2 млн сомду түзгөн алтын буюмдарды алып бараткан Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

«Манас» аэропортунан Өзбекстандын жараны Р.М.нын жүгүн рентген аркылуу текшергенде сары металлдан жасалган зер буюм табылган.

Бишкек-Дубай каттамына билет алган адам буюмдарды ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен алып өтүүгө аракет кылган. Тагыраагы, тиешелүү документтер толтурулган эмес.

Товардын жалпы салмагы 583,05 граммды түзүп, орточо базар баасы 2 042 250 сом деп белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM