Биз менен байланышыңыз

Жан Воинов «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 173 | 0

Бүгүн, 11-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов белгилүү бийчи Жан Воинов менен жолукту.

Жолугушууда Азамат Жаманкулов Жан Воиновдун бий өнөрүнө кошкон салымы үчүн «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин тапшырды.

Жан Воинов мындай колдоо, ага дем-күч бере турганын белгилеп, июнь айында Бишкек шаарында бий өнөрү боюнча эл аралык деңгээлде иш-чара өтө турганын маалымдады.

Жаманкулов Маданият министрлиги тарабынан бий өнөрүнө ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM