Президент Садыр Жапаров 11-мартта Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Орто-Токой суу сактагычына барды. Анда Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ирригациялык тармактардын 2022-жылдын сугат мезгилине даярдыгын камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Министрдин айтмында, суунун топтолушун жогорулатуу, ташуу учурунда ным коромжусун азайтуу жана каналдын ар бир кубметринин эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берүү аракети көрүлүүдө. Мындан тышкары суу үнөмдөөчү технологиялар: жаадырып сугаруу, тамчылатып сугаруу жана башкалар киргизилип жатканын билдирди.
Ал эми каналдардын абалы жыл өткөн сайын начарлап келген, эми бул көйгөйдү чечүү үчүн бөлүнө турган акча көбөйтүлдү.
Президенттин маалыматына караганда, ирригация үчүн мындай ири сумма — 1 млрд 100 млн сом биринчи жолу бөлүнүп жатат.