Биз менен байланышыңыз

Бүгүн ананас күнү: Экзотикалык жемиштин эл билбеген пайдалары

Блог | 12 Мар 2022 | 346 | 0

Ананас сүйүүчүлөр үчүн 12-март ананас күнү катары белгиленип келет.

Ананас майрамынын тарыхы

Ананастын түп мекени болуп Бразилия эсептелет. Саякатчы Кристофер Колумб конус сымал бул жемишке кызыгып, 1493-жылы картошка, тамеки менен бирге Европага алып келген. Жылуулукту сүйгөн бул өсүмдүк жергиликтүү климатка ыңгайлаша албай койгондуктан, XVI кылымдан баштап европалыктар аны Африка жана Азияга чектеш аймактарында гана өстүрүүнү чечкен. Ал эми Индияга 1548-жылы барган.

Майрамдын тарыхы Гавайи аралдарына барып такалат. Экзотикалык жемиш эң көп ушул жерде өсөт. 1970-жылы аралда ананастын «DEN MONTE GOLD» деп аталган уникалдуу сорту өстүрүлгөн.

Майрам

Албетте, майрамды ананастын чыныгы сүйүүчүлөрү гана белгилешет. Бул күнү ар бир дасторконго ананастан даярдалган таттуулар, тамактар ​, салаттар, суусундуктар коюлат.

Айта кетсек, бул майрам бардык өлкөдө кеңири жайылган эмес. Ананастын даамын жакшы көргөн чакан топ гана белгилеп жүрөт.

Бул өсүмдүк сонун даамга гана ээ болбостон, курамы клетчаткага, витаминдерге, минералдарга бай. Ананасты күн сайын жеген адамдын тамак сиңирүүсү жакшырып, иммунитети чыңдалат. Ошондой эле организмден токсиндерди чыгарууга жардам берет.

Аталган мөмө нак да, консерваланган түрдө да колдонулат. Андан салат, кыям жасаса да, аны кондитердик азыктарга кошсо да болот.

Ананастын 85%ы суудан туруп, этинде жана ширесинде организмге аябай пайдалуу В, С, РР, А тобундагы витаминдер, сахарид карбонгидраты, органикалык кислота жана биологиялык активдүү заттар бар.

Пайдалары:

1. Ананастын курамындагы С витамини иммунетти бекемдейт.

2. Ананастын курамындагы калий жана магний гипертонияга чалдыккандарга, каны аздарга, жүрөк оорусунан жабыркагандарга пайдалуу. Жаңы бышкан мөмөсү кандын уюп калуусунан коргоп, кан тамырды тазалоого жардам берет.

3. Ананас онкологиялык ооруларга пайдалуу, жемиштин курамында рак клеткаларынын өсүшүнө жана бөлүнүшүнө бөгөт коё турган заттар бар.

4. Ананас жеп туруу маанайды жакшыртат, адамды ток кармаган серотониндин топтолушуна өбөлгө түзүп, жаңы бышкан ананас арыктоого көмөктөшөт.

5. Ширесин ичип турган адам уйкусуздуктан арылат.

6. Суукка туруштук берүүгө өзгөчө таасири бар.

7. Эч болбогондо жумасына бир тилимден жеп туруу сезгенүүнү болтурбайт.

8. Целлюлит менен күрөшүүдө жакшы натыйжа берет.

9. Жемиштеги С витамини жана бета-каротин терини жумшартып, жылмакай болушуна өбөлгө түзөт, эмчектин бошоңдоп кетишине каршы колдонулат.

10. Ананас бромелайн белоктору бар азыктардын (эт, балык, буурчак сыяктуу) ордуна сунушталат. Бромелайн ашказандын ферментативдик активдүүлүгүн жогорулатат. Андыктан күчтүү тамак жегенден кийин бир стакан ананас ширесин ичип же бир тилим ананас жеп койгон оң болот. Мындан тышкары бромелайн тамырлардагы уюган канды жок кылат, антибиотиктердин таасирин күчөтөт, заара чыгаруу жолдордун инфекциясы менен күрөшөт.

11. Ананас кан басымды төмөндөтүп, канды суюлтат, артрит, пневмония, бронхит, ар кандай жугуштуу ооруларды жана нерв ооруларын дарылоодо таасирлүү.

12. Ананас маскасы беттеги бырышты кетирүүгө колдонулат.

13. Ананас косметикада пилинг чыгаруучу каражат катары да колдонулат.

Ананасты кимдерге жегенге болбойт?

Ананас ашказанында жарасы бар адамдарга сунушталбайт. Күчтүү аллерген болгондуктан, аллергиясы барлар, кош бойлуу аялдар жана 6 жашка чейинки балдар этият колдонушу керек.

Аны жегенден кийин тишиңизди дароо жууп салыңыз, антпесе тропикалык мөмөнүн курамындагы кислота тиштин эмалына доо кетирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM