Биз менен байланышыңыз

Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болду

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 291 | 0

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп Равшанбек Сабиров дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президент Садыр Жапаров бүгүн «Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлык чыгарган.

Равшанбек Сабиров 2021-жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо «Ата Журт-Кыргызстан» саясий партиясынан VII чакырылышка депутат болгон. Ага чейин 2021-жылдын февраль айынан 10-октябрына чейин президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген. 2020-жылы октябрь айынан 2021-жылдын февраль айына чейин вице-премьер-министр, 2011-жылы декабрь айынан 2012-жылдын сентябрь айына чейин Социалдык өнүгүү министри кызматын аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM