Биз менен байланышыңыз

Түп: 20 млн 575 миң сомдук айдоо жер мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 155 | 0

Ысык-Көл облусунун Түп районунундагы 6,14 гектар айдоо жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Түп райондук прокуратурасы жүргүзгөн иликтөөдө айдоо жерлер 4 дыйкан чарбанын менчигине мыйзамсыз өтүп кеткени аныкталган. 

Бул маселе боюнча райондук көзөмөл орган сотко доо арыз жолдогон. Соттук кароонун жыйынтыгында арыз толук канааттандырылган.

Натыйжада 20 млн 575 миң сомго бааланган 61.4 гектар жер айыл аймакка өткөрүлдү. Прокуратура бул жааттагы ишин улантып жатат. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM