Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда милдеттүү түрдө беткап кийүү режими токтотулат

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 202 | 0

Кыргызстанда 12-марттан тарта коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап кийүү режими токтотулат. Бирок саламаттыкты сактоо мекемелерине барганда жана коомдук транспортто беткап режимин сактоо зарыл.

Мындай чечим 11-мартта коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн штабдын жыйынында кабыл алынды.

Бардык билим берүү уюмдарында, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, базарларда, музейлерде, спорт клубдарында, китепканаларда жана башка жерлерде студенттер менен мугалимдердин милдеттүү түрдө беткап кийүүсү жокко чыгарылды.

Коомдук транспортто жана медициналык мекемелерге барганда беткап кийүү милдеттүү бойдон калууда.

12-марттан баштап учурда колдонулуп жаткан алгоритмдерге жана көрсөтмөлөргө өзгөртүүлөр киргизилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM