Биз менен байланышыңыз

Украинадагы согуштун 16-күнү: маанилүү окуялар тизмеги

Блог , Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 4071 | 0

Украинадагы согуштун башталганына бүгүн 16 күн болду. Азырынча ок атууну токтотуу боюнча эч кандай жылыш жок. Ошол эле учурда жакын арада Украина президенти Владимир Зеленский менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусуна даярдыктар башталганы айтылууда.

Согуштун 16-күнүнө карата алынган маанилүү окуялар тизмеги:

  • Орусияда күйүүчү май арзандады.
  • Казакстандык Air Astana авиакомпаниясы Орусияга каттамдарын токтотту.
  • Түркияга таандык Turkish Airlines авиакомпаниясы орус жарандарын тейлөөдөн баш тартты.
  • Түркиялык дагы бир авиакомпания Pegasus Орусияга бардык каттамдарын токтотту.
  • Western Union акча которуу системасы Орусия менен Беларустун аймагындагы тейлөөсүн токтотту.
  • Орусия сырткы карыздарын рубль менен төлөй турганын жарыялады.
  • Зеленский АКШнын аны «өлкөдөн коопсуз жерге чыгарып кетүү» сунушун четке какканын айтты.
  • Бүгүн 11-мартта Киев, Чернигов, Сум, Харьков жана Мариуполь шаарларын гуманитардык коридор ачылат.

«Кыргызстандын жүк ташуучу унаалары Европага өтө албай калды»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM