Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандын жүк ташуучу унаалары Европага өтө албай калды»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2022 | 1264 | 0

Дүйнөдөгү азыркы геосаясий кырдаал кыргызстандык жүк ташуучуларга кесепетин тийгизип, жумушун кыйындатууда. Бул тууралуу Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал белгилегендей, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жүктөр мурункудай, өзүнүн ыргагында өтүп жатат. Ал эми эл аралык соода багытында Европа өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкциялары бизге да тиешелүү болуп, жүк ташуучу унаалар өтпөй, бир топ көйгөй жаралууда.

«Биз Европа өлкөлөрүнө аз болсо да, айыл чарба продукцияларын экспорттоп турганбыз. Айрыкча кыш мезгилинде кургатылган жер-жемиштерди жөнөтүп турганбыз. Азыр алар жетпейт жатат. Себеби Орусия-Украина согушунан улам Европа өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизди. Мисалы, Европага баруу үчүн биздин туруктуу транзиттик жолдорубуз бар. Транзиттик жолдор Орусияга каршы санкция киргизген өлкөлөр болуп жатат. Биздин өкмөт кайрылуу жасаганда да Орусияны колдогондой болуп калды. Ошондуктан Европа өлкөлөрү Кыргызстанды «кара тизмеге» эмес, «сур (серый) тизмеге» киргизип койду», — деди Шабданалиев.

Азыркы тапта Кыргызстандын унаалары Польша, Литва, Латвия, Эстония өлкөлөрүнөн ары өтө албай калды. Биздин өлкө ушул транзиттик жолдор аркылуу Германия, Италия жана башка Европа өлкөлөрүнө айыл чарба продукцияларын жеткирип турчу.

Copyright © 2017 Maral FM