Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 12-мартта көпчүлүк аймакта жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир аймактарда нөшөрлүү жаан жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +8…+13;
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +10…+12 градус болот.