Биз менен байланышыңыз

Фарид Ниязов кардиология борборунан текшерүүдөн өттү

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 191 | 0

9-мартта президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов Улуттук кардиология жана терапия борборунан комплекстүү медициналык текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Белгилүү болгондой, эхокардиография, ЭКГ, УЗИ аппараттары аркылуу анын калкан безине, кан тамырларына, жүрөгүнө клиникалык жана биохимиялык анализ жүргүзүлгөн. Ошондой эле тиешелүү адистердин катышуусунда консилиум өткөрүлүп, диагнозу аныкталган. Анын жыйынтыгында бейтапка дары-дармек жазылып берилген.

Учурда Ниязов борбор калаанын №21 тергөө абагында медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө турат.

Коомчулукта Фарид Ниязов тергөө абагынан жакын арада чыгып кетиши мүмкүн деген кептер айтылып жаткан. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ал бир катар кылмыш иштери боюнча айыпталуучу болуп саналарын, андыктан жаза өтөө мөөнөтүн сот гана аныктай турганын маалымдады.

Кошумчалай кетсек, Фарид Ниязов боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү 18-апрелге чейин узартылган.

Ниязов 2019-жылдагы Кой-Таш окуяларынан кийин кармалган. Былтыр 5-6-октябрь окуялары учурунда бошотулган. Андан кийин 9-октябрда борбордук аянтта болгон окуяга байланыштуу «массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен кайра кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM