Биз менен байланышыңыз

«Ала-Тоо айымдары» Түркиянын президенти Эрдоганды «Жылдын мыкты адамы» деп тапты

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 302 | 0

«Ала-Тоо айымдары» коомдук экологиялык кыймылы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды «Жылдын мыкты адамы» деп тапты. Бул тууралуу маалымат жыйынында аталган уюмдун төрайымы Жыпаргүл Баргыбаева билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон адамдардан турган атайын комиссия Түркиянын лидерин бул сыйлыкка татыктуу деп тапкан.

Белгилей кетсек, мындан мурда бул сыйлык Орусиянын президенти Владимир Путин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIге берилген. Мурда сыйлык өкүлчүлүк аркылуу берилип келген болсо, бул жолу сыйлыкты жеке колуна тапшыруу пландалууда.

«Курманжан Датка» кайрымдуулук фондунун төрайымы, саясатчы Жылдызкан Жолдошова Түркиянын лидери бул сыйлыкка дүйнөдөгү тынчтыкты орнотууга кошкон салымы жана дүйнө коомчулугуна кайдыгер эмес мамилеси үчүн татыктуу болгонун белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM