Биз менен байланышыңыз

Президенттин Швейцарияга расмий сапарын уюштуруу сунушталды

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 244 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин башкы директору Патриция Данци жетектеген делегациясын кабыл алды.

Анда соода-инвестициялык, финансы-техникалык жана гуманитардык тармактагы кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланды.

«Швейцария республикабыз үчүн маанилүү тышкы саясий өнөктөш бойдон калууда. Биз Швейцариянын өлкөбүздөгү демократияны, рынок экономикасын жана анын социалдык өнүгүүсүн калыптандыруудагы көмөгүн жогору баалайбыз», — деди Жапаров.

Эки өлкө ортосунда экономикалык кызматташуунун орто мөөнөттүү жаңы программасы бекитилгени айтылды. Акылбек Жапаров кыргыз-швейцар мамилесин чыңдоо максатында 2022-жылы Кыргызстандын президентинин Швейцарияга расмий сапарын уюштурууну сунуштады.

Делегациянын башчысы Патрисия Данци Швейцария Кыргызстан менен достук мамилени жогору баалай турганын белгиледи. Өлкөнүн социалдык-экономикалык жана демократиялык өнүгүүсүнө, курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын туруктуулугун, мөңгүлөрдү, суу ресурстарын сактоодо колдоо көрсөтүү максатында кызматташууга кызыкдар экенин ырастады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM