Биз менен байланышыңыз

130 миңден ашык жаран бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 219 | 0

Бүгүн, 11-мартка карата 131 миң 781 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын ичинен 114 миң 976сы электрондук түрдө өткөргөн.

Алардын ичинен 47 миң 931 юридикалык жак, 45 миң 267 жеке ишкер, 15 миң 867 жеке жак, 4738 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 17 миң 978 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

  •  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,
  • жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер,
  • менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери,
  • юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM