Биз менен байланышыңыз

Жо Байден Орусияга каршы жаңы чараларды көрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 315 | 0

АКШ президенти Жо Байден Украинадагы операцияга жооп катары Орусияга каршы жаңы чараларды бүгүн жарыялай турганын Ак үйдөн билдиришти.

«Саат 10:15те (Москва убактысы боюнча 18:15) президент Орусияны мындан ары жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-аракеттер топтомун жарыялайт», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ЖМКлар Байден жума күнү «Орусия менен нормалдуу соода мамилелерин» токтотууну жана орус импортуна салыктарды көтөрүүнү талап кыларын жазышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM