Биз менен байланышыңыз

Экономика министри антикризистик программасы менен тааныштырды

Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 478 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында экономика жанам коммерция министри Данияр Амангелдиев өлкөдөгү экономикалык абал боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын январь-февраль айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала баалоо боюнча 90 млрд сомдон ашып, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2%га өскөнү байкалган.

«Кумтөр» кенин эсепке албаганда үстүбүздөгү жылы январь-февралында ИДПнын көлөмү 86 млрд сомдон ашып, 2,8%га өскөн.

2022-жылдын январь-февраль айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 47 млрд сомдон ашып, былтыркы жылдын январь-февралына салыштырмалуу 1,5%га азайган.

Ошондой эле ал Министрлер кабинетин акыркы геосаясий окуяларга байланыштуу Өкмөттүн антикризистик программасы иштелип чыкканын айтып, буларга токтолду:

  • План боюнча спекулянттык алмашуу болбошу үчүн административдик чаралардын жардамы менен бюролорду көзөмөлгө алат;
  • Валюта курстарына мониторинг жана рыноктук баа түзүү процессине көзөмөлдүү күчөтүү уюштурулат;
  • Коммерциялык банктар тарабынан чет элдик валютаны сатып алуу жана сатуудагы маржага туруктуу мониторинг жүргүзүлөт;
  • Чет өлкөгө ири валюталарды которууга көзөмөл жүргүзүлөт;
  • Негизги азык-түлүктүн кымбаттап кетпешин көзөмөлдөө максатында товардык интервенция жүргүзүлөт;
  • Калктын жакыр катмары үчүн дары-дармектин запасын камсыз кылуу жана бааларын көзөмөлдөө каралды;
  • Орусиялык банктардын жабуу тобокелчиликтерин азайтуу максатында коммерциялык банктардан товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн акча которууларды камсыз кылуу жана каржылык билдирүүлөрдү берүү үчүн кошумча байланыш жолдорун издөө боюнча тапшырма берилет;
  • Чет элдик валютада кредит алган юридикалык жактарга жардам көрсөтүү чаралары көрүлөт. Ал үчүн чет өлкө валютасында бөлүнгөн бюджеттик кредиттер улуттук валютага бекитилет;
  • Европадан жана башка өлкөлөрдөн товар ташып келүүнүн атаандаш жолдору иштелип чыгууда;
  • Ошондой эле эң негизги азык -түлүктүн бааларына мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү каралаган.

Ошондой эле министр экономикалык өнүгүүнүн жаңы тармактарын түзүү жана карап чыгуу, төлөм балансына талдоо жүргүзүү, импорт жана экспортто улуттук валютада эсептешүүлөрдү жүргүзүү, өнөктөш өлкөлөр менен макулдашууларды жүргүзүү каралганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM