Биз менен байланышыңыз

АКШда чочконун жүрөгү салынган адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 256 | 0

АКШда чочконун жүрөгү салынган дүйнөдөгү биринчи бейтап каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Адам өмүрүнө коркунуч туудурган жүрөк оорусунан улам трансплантацияга муктаж болгон. Операциядан кийин дарыгерлер реципиенттин абалы жакшы экенин, бирок бир нече күн мурун абалы начарлап кеткенин билдиришкен. Операциянын ийгилиги далилденсе, чочколордун органдары донор табуу көйгөйүн чечмек», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ушул жылдын 7-январында АКШнын Мэриленд университетинин медициналык борборунда 57 жаштагы реципиентке генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун жүрөгү салынган. Сегиз саатка созулган операция ийгиликтүү ишке ашканын борбордун дарыгерлери дүйнөгө жар салган болчу.

АКШда адамга чочконун жүрөгүн салуу ийгиликтүү ишке ашты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM