Биз менен байланышыңыз

АКШда адамга чочконун жүрөгүн салуу ийгиликтүү ишке ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 1124 | 1

АКШда адамга чочконун жүрөгүн салуу ийгиликтүү ишке ашты. Бул тууралуу New York Times гезити жазды.

Маалыматта айтылгандай, генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун жүрөгү адамга салуу операциясы жасалган.

«Бул — адамга чочконун жүрөгүн салуу боюнча жасалган биринчи ийгиликтүү операция. Жума күнү Балтимордо сегиз саатка созулган операция жасалды. Мэриленд университетинин медициналык борборунун хирургдарынын айтымында, дүйшөмбү күнкүгө бейтаптын абалы жакшы», — деп жазат гезит.

57 жаштагы реципиенттин өмүрүнө коркунуч туудурган жүрөк оорусу болгон. Учурда дарыгерлер органы алмашкан бейтаптын абалына көз салуу менен бирге, бул операция органдары иштебей калган жүз миңдеген бейтаптарга үмүт берерине ишеним артып турушат.

1 пикир

1 пикир

  1. ммми

    12.02.2022 21:34

    Жакшы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM