Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Антикризистик программа боюнча Жогорку Кеңешке маалымат берет

Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 330 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында ар кыл маселелерди талкуулап жатышат. Бир катар депутаттар Министрлер кабинетин акыркы геосаясий окуяларга байланыштуу Өкмөттүн антикризистик программасы жана баалардын өсүшү, айдоо-себүү иштерине даярдык боюнча маалымат беришин талап кылышты.

Депутат Айбек Осмонов Министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен биргеликте Улуттук Банктын төрагасын жана Резервдик фонддун төрагасын кошуп чакырууну сунуштады.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер бүгүн саат 14:00дө парламентке келип, акыркы кырдаал боюнча маалымат бере турган болду.

Депутат Шарапаткан Мажитова өкмөткө дары-дармек жана курулуш материалдарын үзгүлтүксүз камсыздоо чараларын көрүүнү сунуштап, ички дары-дармек рыногунун 65%ы Орусия менен Украинага туура келерин белгиледи.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов доллардын курсунун кескин көтөрүлүшүнө тынчсыздануусун билдирип, доллар менен насыя алган ишкерлер көп экенин белгиледи. Ал кошумчалагандай, экономикалык каатчылыкка байланыштуу бардык коңшу өлкөлөрдө Антикризистик программалар кабыл алынган, Кыргызстан да тез арада тийиштүү программалык документти кабыл алышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM