Биз менен байланышыңыз

Талапкер Муртазалиев БШКнын чечимин сотко берет (видео)

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 2268 | 0

№29 Свердлов округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Абдурахманхажи Муртазалиев БШКнын чечимин сотко берет. Бул тууралуу Муртазалиев социалдык тармак аркылуу жасаган кайрылуусунда билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында №29 Свердлов округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун карады.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, бул маселе талапкер Шайлообек Атазовдун өкүлү Жапаровдун арызынын негизинде каралган.

Мыйзам боюнча укук коргоо органдары тарабынан талапкердин добуш сатып алууларга тиешеси бар экени далилденсе, каттоосу жокко чыгарылат.

Жыйындын жүрүшүндө укук коргоо органдарынын маалыматы угулду. Андан соң БШК мүчөлөрү Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу чечимин бир добуштан колдоп беришти.

Буга чейин талапкер Шайлообек Атазов атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптап келген.

№29 Свердлов округуна өткөрүлгөн кайра шайлоонун жыйынтыгында Абдурахманхажи Муртазалиев 17,54% добуш алып, жеңүүчү аталган. Ал эми Шайлообек Атазов 16,28%, Аскар Алмаз уулу 12% добуш алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM