Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга сырттан кирген товарлар кескин кымбаттады

Коом , Экономика | 9 Мар 2022 | 2292 | 0

Кыргызстандын базарларында күнүмдүк керектелүүчү товарлар кескин кымбаттады. Анын ичинде азык-түлүктүн баасынын өсүшү кардарлардын да, соодагерлердин да нааразычылыгын жаратууда. Сатуучулар кымбатчылыкка доллардын курсунун көтөрүлгөнү себеп болгонун айтышат. Ушул күндөрү азык-түлүктүн кайсы түрү кымбаттады? Өкмөт буга байланыштуу кандай чара көрүүдө? Алдыда кеп кылабыз.  

Бишкек шаарындагы «Ош» базарда кургак жемиш саткан Султан Асылбеков көбүнчө сырттан келген товарлар кымбаттаганын айтты. Ал муну доллардын курсунун көтөрүлгөнү менен байланыштырды.

«Түркиянын мистеси мурда 9 доллардан келсе, учурда 10-11 долларга көтөрүлдү. Биздин акчага которгондо килограммына 100-150 сомдон айланат. Кээ бир товарды 8 доллардан алсак, азыр 10 доллардын тегерегинде алып жатабыз. Азыр 10 доллар 980 сом болду. Биз сатуучулар ага 50 сомдон 70 сомго чейин кошуп, 1000 же 1050 сомдон сатабыз. Сырттан келген бардык товардын баасы жогорулады. Мисалы, бадам 100 сомго чейин көтөрүлдү».

Орусиянын Украинага кол салуусу Кыргызстандын экономикасына курч таасирин тийгизип, АКШ долларынын курсу бир айга жетпеген убакыт аралыгында эле 100 сомдон ашып кетти.

Кыргызстандын экономикасы 70%га Орусиядан көз каранды. Себеби импорттук товардын басымдуу бөлүгү Орусия менен Украинадан келет.

Мындан сырткары учурдагы кырдаал азык-түлүктүн жана күйүүчү майдын мындан да кымбатташына жеткирерин, ар бир жаран акысын мурункуга салыштырмалуу 12%га аз алып калышы мүмкүн экенин экономисттер эскертишүүдө.

Сатуучу Руслан Ихизов буга чейин эл жер-жемишти киллограммдап сатып алышса, кымбаттагандан бери граммдап алып калышканын айтат. Мындан сырткары сатуучулардын көбү доллар көтөрүлгөнгө чейин карызга алган товарларын учурдагы баа менен төлөй албай, жумушу аксап жатканын белгиледи.

«Албетте, доллар көтөрүлгөндөн кийин товарга болгон баа да кымбаттады. Доллардын жогорулашы баарыбызга сезилди. Март айы эми келди. Ата мекендик мөмө-жемиштер быша элегине байланыштуу көбүнчө сырттан ташып жатабыз. Азык-түлүктү ташыган, саткан жана аны алган адамдарга да кыйын болууда. Ташып келген жана саткан адамдардын көпчүлүгү товардын баасын доллар менен санашкан. Көпчүлүгү өтүп кеткен айдагы товарлардын акчасын бере албай жатышат. Көп ишкердин иши артка кетти. Товарларды сатып түгөтө албай жатышат. Сатуучулар бааны жогорулатканга мажбур болушууда. Себеби алар да өз карыздарын жаап, ишин алдыга жылдырышы керек. Кардарлар мурда көп өлчөмдө алышса, азыр ченелүү эле алышат».

Ал эми дагы бир соодагер Роза Карыпбекованын айтымында, ата мекендик өндүрүм көп деле кымбаттаган жок.

«Бизде кымбаттаган деле жок. Доллардын көтөрүлгөнү, түшкөнү таасирин бербей эле. Буга чейин кандай баада сатып келсек, азыр да ошол баада сатууну улантып жатабыз. Эч кандай өзгөрүү, кымбаттап кетүү деген нерсе болгон жок. Себеби биз саткан жашылча-жемиштин баары — Кыргызстандыкы. Мисалы, картошка, сабиз, кызылча, капуста, пияз жана башка ушул сыяктуу жашылчанын баасы туруктуу бойдон калууда. Көбүнчө сырттан келген товарлар кымбаттап жатат».

Монополияга каршы мамлекеттик агенттик азыркы кырдаалга байланыштуу күнүмдүк керектелүүчү товарлардын, анын ичинен азык-түлүктүн кымбатташы боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүп жатканын Евразия экономикалык комиссия жана коомчулук менен өз ара кызматташуу башкармалыгынын башкы адиси Карлыгач Айдарова айтты.

«Баанын өсүшү боюнча превентивдик чаралар көрүлөт. Социалдык жактан маанилүү товарларга карата жума сайын мониторинг жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күнгө байланыштуу да күнүмдүк мониторинг жүрүүдө. Товар өндүрүүчүлөр, камсыздоочулар, ташып келүүчүлөр, ири соода түйүндөрү жана сатуучулар менен бааларды кармап туруу, аларды негизсиз көтөрүүгө жол бербөө үчүн жумушчу жолугушуулар уюштурулат. Ошол жерден түшүндүрүү иштери да жүргүзүлөт, эскертүүлөр да берилет. Бүгүнкү күндө территориалдык бөлүмдөр тарабынан мониторинг жүрүүдө. Кечинде баалар боюнча маалыматтарды чогултуп, эртең менен бөлүшөбүз».

Өткөн жылы ЕАЭБге мүчө өлкөлөр арасында соода жүгүртүү 2 млрд доллардан ашып, анын 1,5 миллиарддан көбүрөөгүн Орусиядан келген товарлар түзгөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан керектелүүчү өндүрүмдүн, азык-түлүктүн 70%ын сырттан алат.

Өлкөдө 28-февралдан тарта доллардын курсу кескин көтөрүлүп, 9-мартта түштөн кийин 102 сомго жетти.

Copyright © 2017 Maral FM