Биз менен байланышыңыз

Польшага Украинадан 1 млн 330 миңдей качкын кирген

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 253 | 0

Орусия Украинага «аскердик операция» жарыялагандан бери 1 миллион 330 миңдей качкын Польшага кирген. Бул тууралуу Польшанын чек ара кызматы билдиргенин BBC маалымат агенттиги жазды.

Польшага киргендердин 93%ы украин, 1%ы поляк жана 6%ы башка өлкөдөн келгендер экени белгилүү болгон.

Чек арачылар шейшемби күнү эле чек арадан 125 миң 800 адам өткөнүн, жекшемби күнкү рекорддук көрсөткүч 142 миң 300гө жеткенин билдирген.

Ошондой эле шаршемби күнү Москва убактысы боюнча саат 6:00гө карата чек арадан 33 миң 500 адам өткөнү маалым болгон.

Буга чейин да 2 миллионго чукул украин Польшада жашап, иштеп келген. Качкындарды жергиликтүү украиндер кабыл алып, аларга поляктар да жардам көрсөтүп жатканы маалымдалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM