Биз менен байланышыңыз

Мирлан Ураимов үй камагына чыкты (видео)

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 272 | 0

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык сотунда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу «Маралга» билдирди.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунун алдында Мирлан Ураимовдун тарапташтары чогулуп, анын бошотулушун талап кылышкан. Алардын арасында Лейлек, Кадамжай, Ноокен, Өзгөн, Аксы, Ала-Бука райондорунан келгендер да болгон.

10-февралда Биринчи Май райондук соту Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасын карап, сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) менен  8-февралда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камалган болчу.

Ал «социалдык тармактарда чагымчыл материал тараткан» деген шек менен айыпталган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM