Биз менен байланышыңыз

БУУ Киреевдин өлүмүн иликтөөгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 1004 | 0

Орусия менен сүйлөшүүдө украин делегациясынын курамында болгон Денис Киреевдин өлүмү иликтениши керек. Бул тууралуу 7-мартта БУУнун башкатчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик брифинг учурунда билдиргенин «РИА Новости» жазды.

«Менде эч кандай маалымат жок. Бул толугу менен иликтениши керек», — деди ал Киреевдин өлүмүнүн сүйлөшүүлөргө тийгизер таасири тууралуу суроого жооп берип жатып.

Буга чейин 5-мартта Украинанын Коргоо министрлиги Киреев атайын тапшырманы аткарып жатып каза болгонун тастыктаган.

Ишемби күнү эртең менен «Страна.ua» маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Киевде Орусия менен сүйлөшүүлөргө катышкан биринчи украин делегациясынын мүчөсү Денис Киреев өлтүрүлгөнүн кабарлаган болчу. Басылма адам өлтүрүү Печерск сотунун жанында болгонун жазып, бирок кандай жагдайда болгонун тактаган эмес.

Ошол эле маалда Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкий Орусия менен сүйлөшүүдө украин делегациясынын мүчөсү Денис Киреевдин өлтүрүлүшү боюнча расмий маалымат жок экенин билдирди. Слуцкий бул маалыматтын жакынкы аралыкта тастыкталышын жокко чыгарбасын кошумчалады.

Эске салсак, 28-февралда Беларустун Гомель облусунда орусиялык жана украиналык тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи этабы өткөн.

Кийинчерээк, 3-мартта Беловежская Пущада сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өттү. Орусиялык делегациянын башчысы Владимир Мединский билдиргендей, Москва менен Киев аскердик жана эл аралык гуманитардык маселелерди, ошондой эле кырдаалды саясий жол менен жөнгө салуунун келечегин талкуулашкан.

Беловежская Пущада Украина менен Орусиянын сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы 7-мартта аяктады. Жолугушуу дээрлик үч саатка созулду.

Ошол эле учурда Орусия президентинин жардамчысы, делегациянын башчысы Владимир Мединский орус тараптын Украина менен сүйлөшүүлөрдөн күткөндөрү акталбаганын билдирди. Ал белгилегендей, Украина Орусия алып келген документтерди окуу үчүн алган. Москва менен Киевдин жолугушуусунун жыйынтыгында эч кандай документке кол коюуга мүмкүн болгон эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM