Биз менен байланышыңыз

Орусия банктары доллар жүгүртүүгө убактылуу чектөө киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 841 | 0

Орусиянын банкы чет элдик валюталарды накталай жүгүртүүгө убактылуу өзгөртүү киргизет. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды.

«Орусия банкы быйылкы жылдын 9-мартынан 9-сентябрына чейин депозиттерден же жеке эсептерден акчаны чет өлкөлүк валюта менен берүүнүн тартибин белгилейт. Чет элдик валюта менен сакталган депозит же эсептерден акча чыгарууда кардарга 10 миң долларга чейин гана накталай берилет, ал эми калганы ошол күндөгү курс боюнча рубль менен төлөнөт», — деди Борбордук банк.

Ошол эле учурда Орусия жарандары депозиттерди, жеке эсептерин чет элдик валюта менен да сактай алышат. Анын пайыздык өлчөмү ошол учурдагы курс менен белгиленет. Андан тышкары чет элдик валюта менен сакталган эсептерди жергиликтүү валютага котортуп алууга да уруксат берилет.

Орусия Борбордук банкы убактылуу буйрук күчүн жоготконго чейин рубль менен соода жүргүзүп турууга чакырык таштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM