Биз менен байланышыңыз

NEXT TVнын жетекчиси эки айга камалды

Кыска кабар | 5 Мар 2022 | 443 | 0

Бүгүн, 5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту NEXT TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөмбиевдин баш коргоо чарасын карады.

Ал соттун чечими менен 3-майга чейин камакка алынды.

Бүгүн соттун имаратынын алдына Таалай Дүйшөмбиевдин бошотулушун талап кылгандар чогулушту. Алар журналисттерге, сөз эркиндигине басым жасоону токтотууну талап кылган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту.

3-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Next TV телеканалына улут аралык кастыкты козутууга байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат телеканал Телеграм каналына Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берип, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген кабар жайгаштырганын билдирген. Экспертиза ал кабар жалган экенин аныктаган.

Ошол эле күнү телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев кармалган.

Кыргызстандагы медиа коомчулук Next TV телеканалына байланыштуу билдирүү таратып, бийликти сөз эркиндигине кысым көрсөтпөөгө чакырды.

Билдирүүдө эркин басма сөзгө жана айрым журналисттерге карата коркутуу, кысым көрсөтүү максатында жазалоо ыкмасы колдонбашы керектиги эскертилди.

«Next TV телеканалына болгон чабуулду Кыргызстандагы сөз эркиндигин басуу аракетинин уландысы катары баалайбыз! Temirov Life, Kaktus Media, Next TV медиаларынын журналисттери, Кыргызстандын мыйзамдары менен корголгон журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылып жаткан күч түзүмдөрүнүн болуп көрбөгөндөй кысымына кабылышты», — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM