Кыргызстанда 4-мартта доллардын курсу 98 сомго чыкты. Түштөн кийин коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар 1 АКШ долларын 97 сомдон сатып алып, 98 сомдон сатышууда.
Улуттук банктын расмий курсу 96 сом 66 тыйын деп белгиленген.
Социалдык тармактын колдонуучулары айрым банктарда доллар сатылбай жатканын жазышууда.
Кыргызстанда доллардын курсу кескин түрдө көтөрүлүшүнө Украина-Орусиядагы жагдай себеп болду. Орусиянын аскерлери Украинага кол салып, абал 24-февралдан бери тынчый элек.