Биз менен байланышыңыз

Сот кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды (тизме)

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 955 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта Судьялардын XII курултайында мыйзамдуулукту бекемдөөдөгү сиңирген эмгеги жана сот органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн өлкөнүн сот тутумунун бир катар кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» ардак наамы: 

Чинара Садыровага — Жогорку Соттун судьясы.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Азамат Алыбаев — Бишкек шаардык сотунун төрагасы;

Мирбек Арстанбеков — Президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен кызматташуу бөлүмүнүн сот органдары секторунун эксперти;

Алмаз Калыбаев — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрагасы;

Айнаш Токбаева — Жогорку Соттун судьясы;

Кенешбек Токтомамбетов — Жогорку Соттун судьясы.

Мындан сырткары, төмөнкү судьялар президенттин энчилүү сааттары менен сыйланышты: 

Болотбек Акматов — Жогорку Соттун судьясы;

Нургуль Асанова — Жогорку Соттун судьясы;

Кыдык Джунушпаев — Жогорку Соттун судьясы;

Эркинбек Мамыров — Жогорку Соттун аппарат жетекчиси;

Алмазбек Абдылдаев — Ош облустук сотунун төрагасы;

Канат Аманов — Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары;

Кымбат Архарова — Бишкек шаарынын Октябрь  райондук сотунун судьясы;

Ашырбек Курманов — Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы;

Урмат Кожомбердиев — Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин директору;

Рустамбек Шабыев — Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы маалыматтык технологиялар боюнча мекеменин башкаруучусунун милдетин аткаруучу.

Президенттин атынан алкыш жарыяланды: 

Чынара Мамыткановага — Жогорку Соттун аппаратынын коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык мамиле бөлүмүнүн басма сөз-катчысы;

Изати Шүгүралиевага — Жогорку Соттун аппаратынын коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык мамиле бөлүмүнүн улук референти;

Замирбек Ормоновго — Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM