Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров жарандарды укуктук маданиятын жогорулатууга чакырды

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 149 | 0

Президент Садыр Жапаров судьялардын XII курултайында сөз сүйлөп жатып, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдерди сыйлоого чакырды.

Ал статистикага таянып, жылдан жылга сотторго кайрылгандар көбөйгөнүн, бул көрүнүш адамдар сотко барып, бузулган укуктарын сот аркылуу коргоп жатышканын айтты.

«Ошол себептен, жалпы кыргыз элине кайрылгым келип турат: кимибиз болбойлу, мамлекеттик кызматкерби, укук коргоочубу же болбосо жөнөкөй жаранбы — бардыгыбыз укуктук маданиятыбызды жогорулаталы. Кандай гана талаш болбосун, аны жалаң укуктук талаада гана чечүүнү, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдерди сыйлаганды үйрөнөлү. Ушундай жол менен соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөгө ар бирибиз салымыбызды кошуп, адилеттүү сот системасынын калыптанышына шарт түзүп беребиз», — деди президент.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM