Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда сотторду тандоо процесси өзгөртүлдү

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 292 | 0

Судьялардын жана коомчулуктун талабы боюнча сотторду тандоо процесси өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта президент Садыр Жапаров судьялардын XII курултайында сөз сүйлөп жатып айтты.

Мындан ары «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык, судьяларды тандоону судьялар өздөрү жүргүзө алышат.

Жапаров сотторду тандоо механизмдерин жана методикасын кайра карап чыгып, адам факторунун таасирин азайтуу зарылдыгын белгиледи.

Жаңы механизмдерге ылайык, сот системасына турмуштук тажрыйбасы чоң, моралдык принциптери жогору, кесипкөй адамдардын тандалышына шарт түзүлөт. Таза эмес, адамгерчилик сапаты төмөн жана кесиптик даярдыгы начар адамдардын сот системасына киришине катуу бөгөт коюлат.

«Бүгүнкү күндө Тартип комиссиясынын ишмердиги толугу менен сот системасынын колунда, анткени ким кандай иштеп жатканын өзүңөр жакшы билесиңер. Бирок силерге берилген мүмкүнчүлүктү шалаакы кесиптештериңердин жагымсыз аракеттерин жашырып коюу максатында пайдалануудан оолак болуңуздар. Тескерисинче, судьялардын орой мамилелерине, өзүм билемдик аракеттерине, иштерди кароону негизсиз создуктуруу фактыларына, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда процессуалдык жана материалдык укук ченемдеринин атайылап бузулушуна карата жазалоону күчөтүп, ар бир жагымсыз факт боюнча адекваттуу жана адилеттүү чара колдонууга жетишүү керек», — деди президент.

Ал эми мыйзамга каршы чечимдерди чыгарган ар бир судьяны даражасына карабай, тийиштүү жазага тартуунун так механизмдерин иштеп чыгып, судьялык жогорку статуска туура келбегендерден токтоосуз арылууну тапшырды.

Мындан тышкары, сотторго да ротация жасаларын айтты.

«Акыркы жылдары жергиликтүү судьяларды тандоодо аймактык тең салмактуулукка таптакыр көңүл бурулбай калган экен. Соттордун азыркы курамдарын талдап көрсөм, көбү өзү туулуп-өскөн аймактарга дайындалып, судьялык кызматты аткарып келе жатышыптыр. Анысы аз келгенсип, бир эле орунда ондогон жылдар бою отуруп калган судьялар бар экен. Мындай мамиле аркылуу сот адилеттигин сапаттуу ишке ашырабыз деп кантип айта алабыз? Албетте, мындай көрүнүштөр коомчулук тарабынан негиздүү сын-пикирлерди жаратат. Мындай системаны кечиктирбестен бузуп, ротация жүргүзүү жолу менен жөнгө салышыбыз керек», — деди Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM