Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандын хоккейчилери Иранды 13:1 эсебинде утуп алды

Кыска кабар , Спорт | 4 Мар 2022 | 408 | 0

Кечээ, 3-мартта Бишкекте 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты башталды.

Чемпионаттын алкагында Кыргызстандын курамасы Ирандын командасы менен беттешип, биринчи бөлүгүндө 4:1 эсебинде утуп алды.

Ал эми экинчи бөлүктө кыргызстандык хоккейчилер эсепти 10:1ге өзгөрттү. Соңку бөлүктө дагы үч гол киргизип, жалпы эсепти 13:1ге айлантты.

Буга чейин Малайзия менен Кувейттин командалары оюн өткөрүп, 5:2 эсебинде Малайзия атаандашын утуп алган.

Эске сала кетсек, турнирде беш команда: Кыргызстан, Иран, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын курама командалары күч сынашууда.

Мелдеш Бишкек шаарынын муз аянтында 3-8-март аралыгында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM