Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, дагы 23 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 105 | 0

Кыргызстанда 4-мартка карата коронавирус 23 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 11, Чүй облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 4, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 63 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 163 бейтап, амбулатордук түрдө 366 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 599 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 531 киши айыгып чыкса, 2 миң 962 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM