Биз менен байланышыңыз

Мадумаровдун ишин караган комиссия корутундусун 10-мартта чыгарат (видео)

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 465 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушун караган депутаттык комиссия ишин 10-мартка чейин улантат. Бул тууралуу 3-мартта Мадумаров Ак үйдүн алдына чогулуп турган тарапташтары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Кечээ парламенттин депутаттары «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын жабык эшик артында угушту.

Айрым депутаттар шашылыш чечим кабыл алуу туура болбой каларын айтып, ишти кароо мөөнөтүн узартууну сунушташкан. Узакка созулган талкуудан кийин депутаттар бир чечимге келе албай, комиссиянын иши 10-мартка чейин жылган.

Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаровго козголгон «мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине өзгөргөнүн маалымдаган.

«Бүгүн депутаттык комиссиянын жыйынында «323-берене туура эмес коюлган, биз аны 338-беренеге кайра кайтардык» дешти. Бул жөнөкөй маселе эмес. «Чыккынчы» деген беренени коюп алып, бардык жерде сайратып, бир айдан кийин «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды» деген беренеге алмаштырдык дегени кандай деген сөз?! Бул адамдын тагдыры, менин да тууган-уругум, жоро-жолдошторум бар. Алар эмне деп ойлошот? Мен ушул мезгилге чейин бир гана нерсеге баш уруп келдим: ал — менин атым, менин фамилям. Өмүр бою эл-жер деп жүргөн адамга ушундай күнөө такканыңар адамдын акылына туура келбейт. Ошондуктан мен Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылыгымды билдирем, абдан принципиалдуулугун көрсөтүштү», — деди Мадумаров.

Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунуштамасы 10-февралда келип түшкөн. Аны Башкы прокурор Курманкул Зулушев бергенин комитет төрагасы Медербек Алиев кабарлаган.

Андан соң ишти иликтеп чыгуу үчүн төмөнкү курамдагы атайын комиссия түзүлгөн: Айбек Осмонов, Исхак Масалиев, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Динара Ашимова, Аманкан Кенжебаев, Азамат Исраилов.

Жалпысынан комиссиянын 5 отуруму болуп, анда Башкы прокуратурадан бир катар документтер талап кылынган.

Эске салсак, Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин да бир топ жолу Башкы прокуратуранын тергөөдө болгон. Ал «2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Баткендин Төрт-Көчө тилкеси боюнча протоколго кол койду» деген кине менен суралууда.

Copyright © 2017 Maral FM