Операция маалында Украинанын 1600дөн ашык аскердик объектиси жок кылынды. Бул тууралуу Орусия Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы, генерал-майор Игорь Конашенков билдирди.
«Операциянын жүрүшүндө жалпысынан 1612 объект бутага алынып, анын ичинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн 62 командалык пункту жана байланыш борбору, 52 радар станциясы жана башкалар жок кылынды», — деди ал.
Ошондой эле 49 учак жерден, 13 учак абадан, 606 танк жана согуштук техника, 227 мылтык жана миномёт, 53 дрон кыйратылганын, Балаклия шаары «улутчул батальондон» бошотулганын айтты.