Марал Радиосу

Орус армиясы Украинанын 1600дөн ашык объектисин жок кылганы айтылды

Операция маалында Украинанын 1600дөн ашык аскердик объектиси жок кылынды. Бул тууралуу Орусия Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы, генерал-майор Игорь Конашенков билдирди.

«Операциянын жүрүшүндө жалпысынан 1612 объект бутага алынып, анын ичинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн 62 командалык пункту жана байланыш борбору, 52 радар станциясы жана башкалар жок кылынды», — деди ал.

Ошондой эле 49 учак жерден, 13 учак абадан, 606 танк жана согуштук техника, 227 мылтык жана миномёт, 53 дрон кыйратылганын, Балаклия шаары «улутчул батальондон» бошотулганын айтты.

Exit mobile version