Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Былтыр эл аралык издөөдө жүргөн 45 адам кармалды

Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 175 | 0

Ички иштер министрлигинин Интерпол улуттук борбордук бюросунун өтүнүч-талабы менен 2017-жылдан бери издөөдө жүргөн Кыргызстандын эки жараны атайын жүргүзүлгөн ыкчам операциянын негизинде Польшада кармалды.

ИИМдин маалыматына караганда, анын бири Сириядагы куралдуу кагылышууларга катышкан жана экинчиси Кыргызстандын абагынан качып кеткен.

2021-жылы эл аралык издөөдө жүргөн 45 адам кармалган, анын ичинен 14 адам чет өлкөлөрдө, 31 адам Кыргызстанда болгон.

Мындан тышкары Кыргызстандын аймагынан Интерпол багытында издөө иштери жүргүзүлүп, уурдалган 10 унаа табылган, ошондой эле, 6 жараксыз айдоочулук күбөлүк жана 1 жасалма паспорт аныкталган.

Кыргызстандын ИИМнин Интерпол улуттук борбордук бюросу Интерполго мүчө 195 өлкөнүн ичинен 50 мамлекет менен кызматташып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM