Биз менен байланышыңыз

Орусия алгачкы жолу согушта канча аскер жоготконун расмий ачыктады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 17820 | 0

Украинадагы согуш башталгандан бери 498 орусиялык аскер каза болгон. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Орусия тарап жоготуулардын саны боюнча алгачкы жолу расмий маалымат берди.

«Орусиянын аскердик операциясында Украина тараптан 2870 адам каза болду. Орусия 498 аскерин жоготту», – деп айтылат баяндамада.

Ал эми Украина тарап Орусия украин жергесине бастырып киргенден бери 5840 орус аскери каза болгонун жана 200дөй аскер туткунга түшкөнүн билдирген.

Украинадагы согуштун алтынчы күнү: Окуялар тизмеги (фото)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM