Бүгүн, 3-мартта Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында Кыргызстандын мамлекеттик Туусунун кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.
Ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары жана мамлекеттик кызматкерлер катышып жатат.
Бишкек гарнизонунун аскерлери борбордук аянтта турган мамлекеттик Тууну алмаштырып, ал Гимндин коштоосунда көтөрүлдү.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик Туусу 1992-жылдын 3- мартында кабыл алынган. Президенттин 2009-жылдын 10-июнундагы жарлыгы менен бул күн мамлекеттик майрамдардын катарына кошулган. Туунун авторлору: Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Эдил Айдарбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.