Биз менен байланышыңыз

«Чыгыш электрдин» Нарын филиалынын жетекчилери камалды

Кыска кабар | 1 Мар 2022 | 274 | 0

«Чыгыш электр» ААКнын Нарын филиалынын мурдагы жетекчилери камалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

«Чыгыш электр» ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын жооптуу кызматкерлери электр энергиясына болгон 219 млн 667 миң 300 сомдук карызды эсептен негизсиз чыгарышканы аныкталган. 

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (корруция) менен кылмыш иши козголгон. 

Башкы прокуратуранын тергөө тобу тарабынан Тянь-Шань райондук электр тармактарынын начальниги Б.Т.О., «Чыгыш электр» ААКнын Нарын филиалынын мурдагы директорлору А.А.А., жана Ж.А.М., кармалышып, Нарын ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Учурда тергөө жүрүп жатат. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM