Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча 1-3-март күндөрү аба ырайы өзгөрүп, тоолуу райондордо, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.
2-мартта көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,
Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5,
Бишкек шаарында жамгыр жаайт. Түнкүсүн 0…2, күндүз 11…13 градус болот.