Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Бишкек суу канал» бюджетти 311 млн сом зыянга учураткан

Кыска кабар | 1 Мар 2022 | 179 | 0

«Бишкек суу канал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек суу канал» башкармалыгы борбор калаанын түштүк аймактарына салынып жаткан көп кабаттуу үйлөргө суу тартууда, канализацияга туташтырууда мыйзамсыз иштерге барышкан. Тагыраагы, 2018-2021-жылдар аралыгында башкармалыктын жооптуу адамдары 23кө жакын имараттын курулушун жүргүзгөн компаниялар менен тымызын сүйлөшүп, жең ичинен акча жасашкан.

Айтылган мыйзамсыз иштин кесепетинен мамлекет казынасы 311 млн сомдон ашуун зыянга учураган. Учурда айтылган сумманын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM