Connect with us

Илон Маск Украинада Starlink спутниктик интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берди

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Мар 2022 | 446 | 0

Илон Маск Украинага Starlink спутниктик интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берди. Бул тууралуу Украинанын санариптик маалымат министри Михаил Федоров терминалдары бар сүрөтүн жарыялап, Маскка ыраазычылык билдирди.

Киевдик инженер Олег Кутков Starlink спутниктик интернетинин ылдамдыгы 200 Мбит/секундга жетет деп жазды.

Ишкер буга чейин өлкөгө кошумча терминалдар жөнөтүлгөнүн, алар сигналды кабыл алуу жана колдонуучуларга таратуу үчүн зарыл экенин айтты.

Буга чейин Украинанын санариптик маалымат министри Михаил Федоров Илон Маскка кайрылып, украиндерге Starlinkке кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранган болчу.

Starlink — бул интернет төлөмү кымбат же интернет таптакыр тартпаган жерлерге SpaceX компаниясы тарабынан орнотулган глобалдык спутник системасы. Ал эми аталган спутниктерин изилдөө, иштеп чыгуу жана өндүрүү бөлүмү Редмонддо, Вашингтондо жайгашкан.

Ал 2020-жылы Америка Кошмо Штаттарынын жана Канаданын түндүгүнө коммерциялык интернетке кирүү кызматтарын көрсөтө баштаган. 2022-жылдын январына карата Starlink бета-тестерлеринин саны 25 өлкөдө 145 миңге жеткен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM