Биз менен байланышыңыз

SWIFT системасынын Кыргызстанга таасири жана доллар куну

Саясат , Экономика | 28 Фев 2022 | 957 | 0

Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинага себепсиз басып киришинен улам бир катар Европа өлкөлөрү түрдүү санкцияларды киргизишти. Анын катарында Орусиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүү маселесин козгошту. Улуттук банк бүгүн SWIFT системасынын таасири жана доллардын кунунун өсүшү, валюта рыногундагы акыркы абал боюнча журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева бүгүн Кыргызстандын банк системасынын учурдагы абалы, доллардын кунунун өсүшү жана Орусия банктарын SWIFT системасынан өчүрүүнүн Кыргызстанга таасири боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатышат. Улуттук сыяктуу эле эл аралык төлөм системалары боюнча да кызмат көрсөтүүлөрдү кошуу менен кардарларга банк кызматтарынын толук түрүн көрсөтүшүүдө.

«Коммерциялык банктардын көпчүлүгү Кыргызстандын Улуттук банкы аркылуу же түздөн-түз SWIFT системасына туташтырылган, ушуга байланыштуу Орусиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүү тобокелдиги Кыргызстан банктарынын кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт. Ошол эле учурда Улуттук банктын талабына ылайык, коммерциялык банктар каржылык билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн альтернативдүү байланыш каналдарына ээ. Кыргызстандын улуттук төлөм системасы жана акча которуу системалары штаттык режимде иштеп жатат. Башка өлкөдө орун алган жагдайдын улуттук төлөм системасынын жана акча которуу системаларынын иштешине тийгизген таасиринин деңгээли минималдуу болуп саналат»  

Кыргызстанда 28-февралга карата 1 АКШ долларынын курсу 94 сомду түздү. Коммерциялык банктарда доллар 94 сомдон сатып алынып, 95 сомдон сатылууда. Карабаева Улуттук банк доллардын курсун кармоо үчүн суроо-талапка жараша керектүү өлчөмдө интервенция жасоого даяр экенин кошумчалады.

«Интервенция — валюта рыногунун катышуучуларынын суроо-талабына жараша болот. Эгерде  ошондой талап болсо, Улуттук банк керек болгон көлөмдө интервенция жасоого даяр. Мындан тышкары Улуттук банктын акча кредиттик саясатынын алкагында, экономикада болуп жаткан, геосаясаттагы терс көрүнүштөрдүн негизинде, алардын терс таасири биздин экономикага тийбей тургандай иш-чараларды кабыл алат».

Мындан сырткары Аида Карабаева Орусиянын банктарынан SWIFT системасынын өчүрүлүүсү Кыргызстанга эч таасир этпесин, ал жактагы мигранттардын Кыргызстанга акча которуусуна тоскоолдук жоктугун айтты. 

«SWIFT системасы эл аралык төлөм системасы боюнча которууларга эч кандай катышы жок. Эл аралык төлөм системалары менен келип жаткан мигранттардын каражаттары үзгүлтүксүз түшө берет, ага SWIFT системасынын байланышы жок. Бардык акча которуулар орусиялык банктар менен биздин банктар түзгөн келишимдин алкагында жүргүзүлөт. Ошондуктан кооптонуга негиз жок».

Улуттук банк 1993-жылы кабыл алынган өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режимин колдонууну улантат, анын алкагында курстун динамикасы ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон суроо-талап менен сунуштун балансынын негизинде аныкталат.  

Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын эл аралык резерв көлөмү жетиштүү болуп саналат жана өлкөнүн келечектеги товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импорту көлөмүнүн алты айынын ордун жабат. 2022-жылдын 26-февралына карата абал боюнча Улуттук банктын эл аралык резерв көлөмү 2 768 млн долларды түзөт. 

Copyright © 2017 Maral FM